МАНИЛА, ФИЛИППИН (1-декабрь, 2021-жыл) — Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргыз Республикасына аккумулятордук автобустарды алууга жана өлкөнүн борбору Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50,65 миллион долларлык чаралар пакетин бекитти. Натыйжада бул абанын сапатын жакшыртууга, көмүртектин бөлүнүп чыгуусун төмөндөтүүгө жана жол тыгындарын азайтууга жардам берет.

Шаарды электрлештирүү долбоору 25 миллион доллар өлчөмүндөгү кредитти, 25 миллион доллар өлчөмүндөгү грантты жана Жогорку технологиялар паркынан 650 миң доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоону камтыйт жана эскирген дизелдик автобустарды жана троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен иштеген автобустарды сатып алууну каржылайт. Долбоор ошондой эле эки троллейбус автобазасынын инфраструктурасын модернизациялоону жана автобустардын ылдамдыгын жогорулатуу жана Бишкектин борборундагы коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн 3,5 чакырымдык жашыл мобилдүүлүктүн пилоттук коридорун түзөт.

Транспорт тармагы Бишкектин абасын булгоочу негизги булактардын бири. Шаарларда жүргүнчү ташыган автоунаалардын жана фургондордун санынын өсүшү акыркы жылдары Бишкекте абанын сапатынын бир топ начарлашына алып келди. Кайра жаралуучу энергия булактарынын олуттуу потенциалына карабастан, Кыргыз Республикасы транспорт үчүн казылып алынган отундун импортуна абдан көз каранды, ал эми өлкөдөгү парник газдарынын эмиссиясынын 28% транспорт тармагына келет.

“АӨБ абанын сапатын жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, жол тыгындарын жоюу жана өлкөгө Париж келишиминин алкагында парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча айрым улуттук милдеттенмелерди аткарууга жардам берүү боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоого даяр”, - деди Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору, Евгений Жуков. “АӨБнын 2030-жылга чейинки Стратегиясына ылайык, бул долбоор өкмөткө 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга жардам берет, ал транспорттун таза түрлөрүнө өтүүнү өзүнүн саясатынын башкы приоритеттеринин бири деп жарыялаган”.

Электробустар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр жана кары-картаңдар, ошондой эле балалуу аялдар үчүн жеткиликтүү болот. Алар камералар жана коркунуч сигналды берүү баскычтары сыяктуу коопсуздук элементтери менен жабдылат. АӨБ ошондой эле Бишкектеги автобустарды ташууну жакшыртат, операциянын натыйжалуулугун, каржылык туруктуулукту жана автобус айдоочуларынын билимин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Киргизилип жаткан электр автобустарынын паркы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү экологиялык жактан эң таза түйүндөрдүн биринен пайдаланып, жергиликтүү энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонот.

“Бул долбоор Кыргызстандын транспорт тармагын узак мөөнөттүү электрлештирүү боюнча биринчи кадам болуп саналат”, - деди АӨБ энергетика боюнча адиси Йоханнес Фогель. “АӨБ өлкөдө электромобилдерди өнүктүрүүнү мындан ары кеңейтүү жана жеке сектордун катышуусуна мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн өкмөт менен тыгыз кызматташып жатат”.

Кыргыз Республикасы 1994-жылы АӨБга киргенден бери банк 1,3 миллиард доллардан ашык өлчөмүндө насыя, 811 миллион доллар өлчөмүндө грант жана 69 миллион доллар өлчөмүндө техникалык жардам берген.

АӨБнын өлкөдөгү операциялары инклюзивдик өсүүнү жана экономиканы диверсификациялоону колдоого, мамлекеттик жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, ошондой эле аймактык кызматташтыктын жана интеграциянын пайдасын алууга багытталган.

АӨБ Азия-Тынч океан аймактарынын гүлдөп-өнүгүүсүнө, инклюзивдүүлүккө, жандуулукка жана туруктуулукка жетишүүгө умтулат, ошол эле учурда өтө жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттерин колдойт. Ал 1966-жылы негизделген, 68 мүчөлөргө таандык, кырк тогузу ушул аймакта жайгашкан.

Media Contact