МАНИЛА, Филиппиндер (7-июнь, 2021-жыл) - Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров менен виртуалдык жолугушуу учурунда, Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Президенти Масацугу Асакава АӨБ Кыргыз Республикасын колдой тургандыгын тастыктады.
«Коронавирус (КОВИД-19) алып келген кыйынчылыктар Кыргыз Республикасынын экономикасын калыбына келтирүү үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратууда, ошол эле учурда ооруунун жаңы толкундары же эмдөөнүн кечеңдеши экономикалык өсүүгө дагы таасирин тийгизиши мүмкүн», - деди Асакава мырза. «АӨБ мындан ары дагы Кыргыз Республикасын, айрыкча туруктуу өсүү, инклюзивдүүлүк жана аймактык кызматташуу жаатында колдоону улантууга ниеттенүүдө. Ошондой эле, биз энергетика, транспорт жана социалдык коргоо тармактарындагы реформаларды колдоого даярбыз».
Асакава мырза менен АӨБдүн Кыргыз Республикасындагы башкармасы Жапаров мырза АӨБдүн өлкөдөгү пландаштырылган иш-аракеттерин, анын ичинде экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү жана жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу боюнча долбоорлорун талкуулашты. 2021-жылга карата өзүнүн ыкчам программасынын алкагында, АӨБ Кыргыз Республикасында структуралык жана экономикалык, ошондой эле энергетика тармагындагы реформаларды колдоого алат. Энергетика тармагында болсо, банк туруктуулукту жана энергияны натыйжалуу пайдаланууну алга жылдырууда өкмөттү колдоону улантат.
АӨБ 2023-2027-жылдарга карата өлкөнүн орто мөөнөттүү улуттук стратегиясына шайкеш келүүчү Өлкөлүк Өнөктөштүк Стратегиясын (ӨӨС) даярдоодо. Учурдагы ӨӨС аркылуу АӨБ экономиканы диверсификациялоону, инфраструктураны өнүктүрүүнү, мамлекеттик жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү, жумуш орундарын түзүүнү жана климатка туруктуулукту колдойт.
Асакава мырза өкмөттүн КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу антикризистик чараларды ийгиликтүү ишке ашырып жаткандыгын жогору баалады. Өткөн жылы АӨБ КОВИД-19 каршы иш-аракеттерди колдоо үчүн Кыргыз Республикасына 70 миллион долларлык каржылоону жактырган. Анын ичинде май айында бекитилген 50 миллион долларлык насыялык жана гранттык пакет жана июнь айында бекитилген саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоодо өкмөткө колдоо үчүн 20 миллион долларлык тез жардам пакети бар.
2020-жылдын апрель айынан баштап июль айына чейин созулган пандемиянын эң жогорку чегинде, техникалык жардамынын алкагында АӨБ жеке коргонуу каражаттарын, кислород концентраторлорун жана өпкө желдеткичтерди жеткирүүгө жардам берди. Банк Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте пандемиянын Кыргыз Республикасынын жакыр жана аялуу жамааттарына тийгизген таасири жөнүндө социалдык-экономикалык изилдөө даярдады.
АӨБ Азия-Тынч океан аймактарынын гүлдөп-өнүгүүсүнө, инклюзивдүүлүккө, жандуулукка жана туруктуулукка жетишүүгө умтулат, ошол эле учурда өтө жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттерин колдойт. Ал 1966-жылы негизделген, 68 мүчөлөргө таандык, кырк тогузу ушул аймакта жайгашкан.