Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы: Мүчөлүк маалымат баракчасы
АӨБ өркүндөп өсүүгө каршы турган тоскоолдуктарды жоюуга жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө максат койгон Кыргыз Республикасынын Улуттук Туруктуу Өнүгүү Стратегиясына колдоо көрсөтүүдө.
Кыргыз республикасы АӨБга 1994-жылы мүчө болуп кирген, ошол учурдан бери Азия Өнүктүрүү Фондунан 41 кредит жана 31 грант, жана Жапониянын жакырчылыкты жоюу фондунан 8 грант алды. Андан сырткары, АӨБ тарабынан 98 техникалык көмөктөшүү долбоорлору каржыланып келди.
АӨБ колдоосу менен, өкмөт укуктук-нормативдик базаны реформалоо боюнча аракеттерди жүргүзө баштады, өлкөдөгү бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзө баштады, бардыгына жеткиликтүү каржылоо багытында иш жүргүзө баштады, Кыргыз Республикасынын электр менен камсыздоо кызматынын ишенимдүүлүгүн жогорулата баштады, жана ошондой эле Кыргыз жарандарына эмгек рыногунда жумуш табуу шарттарын жакшырта баштады.
Кыргыз Республикасы үчүн 2018-2020-жылдарга иштетилип чыгарылган АӨБнын Өлкөдөгү операциялар бизнес планынын негизги максаты инклюзивдүү экономикалык өсүү аркылуу жакырчылыкты азайтуу. План жеке секторду өнүктүрүү үчүн мамлекеттик секторунун башкаруусун жакшыртууну колдойт. Пландын негизги максаттары бул институционалдык жана технологиялык реформалар аркылуу регионалдык унаа корридорлорун жаңылоо, учурда бар логистикалык тармактарды иштетүү, жана ошондой эле энергетика тармагын жандап заманга жараша жаңылоо.
Жыл сайын жаныртылып түрүүчү АӨБнын маалымат баракчасы Кыргыз Республикасы боюнча социалдык - экономикалык көрсөткүчтөрдү, АӨБнын өлкөдөгү ишмердүүлүгү тууралуу кыскача жана байланыш маалыматын камтыйт.
Additional Details
Type | |
Series | |
Subjects |
|
Countries |
|